Бишкекте 70тен ашык жарнама такталары алынып салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында орнотулган мыйзамсыз жарнактар, плакаттардын ээлерине инспекторлор тарабынан күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө "Тазалык" ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте Жибек-Жолу, Манас жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн боюндагы 70тен ашык жарнама такталары (штендер, баннерлер, стеллалар) демонтаждалды.