Бишкекте мектеп окуучулары арасындагы республикалык (шаардык) олимпиаданын III этабынын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева тапшырды.
82 окуучу жеңүүчү аталып, анын ичинен: 1-орун – 25 окуучу, 2-орун – 30 окуучу, 3-орун – 27 окуучу. Жалпысынан шаардын орто мектептеринин 224 окуучусу катышышты.
Иш-чара №62 окуу-тарбия комплексинин мектеп гимназиясынын базасында эки күн 11 предмет боюнча болуп өттү: математика, химия, физика, кыргыз тили жана адабияты, тарых, география, биология, орус тили жана адабияты, англис тили жана информатика боюнча Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде өткөрүлдү.
Жакшы көрсөткүчтөрү үчүн окуучуларды олимпиадага даярдаган мугалимдер да сыйланышты.
Олимпиаданы өткөрүү үчүн предметтик комиссиялардын курамына борбордогу 6 Жогорку окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү чакырылган.