Бүгүн Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылындагы №18 орто мектептин имаратынын шыбы урап түштү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги класстан мугалим жана 18 окуучу коопсуз жайга чыгарылып, райондук ооруканага жөнөтүлгөнүн билдирген.
Саламаттыкты сактоо министрлиги азыркы саатка карата мугалим жана 3 окуучу ооруканага жаткырылганын маалымдады.
"Ала-Бука райондук жалпы дарыгердик борборуна 16 адам жеткирилген. Алар медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин мугалим жана 3 окуучу ооруканага жаткырылды. Диагноздору - коркуу, стресс. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин аталган облустагы координатору Замира Орунбаеванын айтымында, буга чейин ыкчам маалымат берилген. Медициналык текшерүүдөн кийин алдын ала диагноздор коюлганын белгилейбиз", - дешет маалымат кызматынан.
Белгилей кетсек, 17-майда Чаткал районундагы мектепте окуу учурунда мектептин шыбы урап түшкөн. Кийинчерээк Билим берүү министрлиги окуучулар менен мугалимдин абалы канааттандырарлык экенин, мектептин эскилиги жеткенин билдирген.