Депутат Тарых музейиндеги өрт боюнча иликтөө зарылдыгын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 6 жыл мурунку Тарых музейиндеги өрттө зыянга учураган баалуу буюмдар тууралуу иликтөөнү сунуштады. Ал журналисттер бул окуя боюнча кызыктуу маалыматтарды алып чыгып жатышканын, андыктан бул маселени Жогорку Кеңештин комитетинде кароо керек деген пикирин билдирди.

“2016-жылы катуу өрт болгон экен. Түзүмдөр аралык комиссия 24 эле буюм жоголду деген экен. Бирок журналисттер көп баалуу буюмдар жок болгонун айтышууда. Министрлик, музей так маалымат бербей жатат. Ушуну комитетте карасак. Бул маалыматты жаап эмне кылабыз, жоопкерчиликтүүлөр маалыматты жашырган болсо жоопко тартылсын”, - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан