Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети “өтө көйгөйлүү маселе” менен чукул жыйынга чогулду

Жогорку Кеңештин отурумунда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Осмонов жалпы жыйынды токтото турууну суранды. Муну ал аталган комитеттин өтө көйгөйлүү маселе боюнча чукул жыйынга чогулуусу керек болгону менен түшүндүрдү.

“Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети боюнча бизде өтө зарыл жыйын өткөрүшүбүз керек болуп жатат. Ошон үчүн 15 мүнөттүк танапис сурайм. Аталган комитеттин мүчөлөрү 325-кабинетке бат келип берсеңиздер. Карай турган өтө көйгөйлүү маселе чыгып жатат”, - деди депутат.

Эл өкүлүнүн өтүнүчү менен парламентте 15 мүнөттүк танапис жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан