Ош. Шаардагы Керме-Тоо аймактык кеңешине жаңы трансформатор орнотулду

Ош шаарындагы Керме-Тоо аймактык кеңешинин 218-кварталынын жашоочулары электр жарыгынын чыңалуусунун жетишсиздигинен арылышты. Шаардык жетекчиликтин, Борбордук Азиядагы Евразия фондунун жана жергиликтүү жашоочулардын колдоосу менен кубаттуулугу 600 кВт  болгон жаңы трансформатор курулду. Аталган долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 633 750 сом сарпталган. Мындан сырткары, зым карагайлар орнотулду. Жалпысынан аталган кварталдын 173 үйү жаңы трансформаторго туташтырылып, ар бир үйгө электр эсептегичтер орнотулду.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан