Кечээ, 17-майда Бишкек шаарында маданиятка эмгек сиңирген ишмер Жумагүл Нусупова жашаган үйгө ысым тактайчасы орнотулду. Бул тууралуу Нусупованын жакындары билдирди.
Жумагүл Нусупова Фрунзе шаарында кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын "орус тили жана адабияты” адистиги боюнча билим алып ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун Фрунзе шаарындагы 11-мектепте пионер башчысы болуп кызмат өтөөдөн баштаган.
1980-жылдан 1985-жылга чейин Кыргыз СССРинин маданият министри болуп иштеген. Бул жылдары ал республиканын борборунун социалдык-маданий объектилерин курууга жана калыбына келтирүүгө жардам берген.
Кечээ, 17-майда Жумагүл Нусупова 91 жашка чыкмак. Бул ысымы жазылган тактайча Исанов көчөсүнүн 94 дарегине Жумагүл Нусупова жашаган үйгө орнотулду.