Бишкекте февраль айынан бери дайынсыз болуп жаткан Сезим Боронова аман-эсен табылды. Ал Чүй облусунун аймагында жүргөн дешет Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан.
16 жаштагы Сезим Боронова 28-февралда саат 15:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Өспүрүмдүн апасы 2-мартта милицияга кайрылып, кызын табышууга жардам сураган.
Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан кыздын жүргөн жерин аныктап, ата-энесине аман-эсен өткөрүп берди. Учурда окуянын жагдайлары такталууда.