1-июлдан баштап автобус, троллейбустарда накталай төлөмдөр жокко чыгарылат

1-июлдан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда, тагыраагы, автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөр жокко чыгарылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, жол кире үчүн төлөмдөр Тулпар картасы аркылуу жүргүзүлөт. Жүргүнчүлөр накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн:

* Тулпар картасынын 3 категориясы боюнча (стандарттык, окуучулук жана артыкчылыктуу);
* Кыргызстандын бардык банктарына таандык болгон VISA жана ЭЛКАРТ карталары аркылуу;
* Виртуалдык NFC картасы;
* Тулпар жана Balance тиркемелери (QR кодду сканерлөө аркылуу);
* Тулпар тиркемесине транспорттун кодун жазуу менен төлөмдөрдү ишке ашырса болот.

"Урматтуу шаар тургундары жана меймандары, жогоруда айтылган мөөнөткө чейин транспорттук карта алып, "Тулпардын" системи менен таанышууга чакырабыз. Стандарттык Тулпар картасын "Кыргызпочтасынан", О! Мегаком, Beeline мобилдик кеңселеринен жана автобус, троллейбустардын айдоочуларынан алууга болот", - дешет маалымат кызматынан.

Көк карталарды сатып алуу түйүндөрүн бул шилтемеден таба аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан