Жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртеңден баштап өлкөдө туруксуз аба ырайы орун алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республиканын аймагында кайсы күндөрү туруксуз аба ырайы болорун маалымдайт.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, 19-майда жана 21-23-майда Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан