Чукул кабар! Жакынкы саатта Бишкекте, Чүйдө катуу шамал катталат
Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал катталат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууга чакырат.