Бишкекте таштанды урналарынын дөңгөлөктөрү уурдалууда

Бишкекте таштанды салынуучу урналардын дөңгөлөктөрү уурдалууда. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан маалымдашты.

Мэриянын маалыматында урналардын дөңгөлөктөрү уурдалып, сынган учурлар катталып жатканы айтылат. Буга байланыштуу мекеме жарандарды таштанды урналарына кылдаттык менен мамиле кылууга чакырат.

"Евроконтейнерлерди сактоо үчүн аларды ордунан жылдырбай, ичиндеги таштандыларды өрттөп, курулуш таштандыларын, күлүн күйгүзүүгө болбойт. Урматтуу жарандар, дөңгөлөктөрдү жана контейнерлерди сындыруу, уурдоо фактыларына күбө болсоңуз фото же видеолорду 0550661657 (WhatsApp) номерине жөнөтүңүз", - дешет маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан