Бишкек шаарында бак-дарактарды бутоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери комиссиялык иликтөө жүргүзүп, андан соң куурап калган жана тамыр системасы чириген бак-дарактарды санитардык бутоодон өткөрүшөт.
Азыркы учурда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Ажыбек баатыр көчөсүнөн баштап Семетей көчөсүнө чейин бутоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Аталган көчөдө жалпы 800 терек бар, бирок куурап калган бутактары бар теректер гана бутоо иштеринен өтөт.