2 күн мурда үйүнөн чыгып кеткен. Бишкекте 17 жаштагы Адина Асаналиева дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 17 жаштагы Адина Асаналиева дайынсыз болууда. Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал 2 күн мурда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес.

Бүгүн, 18-майда милицияга өспүрүм кыздын апасы арыз менен кайрылды. Арызда Адина Асаналиева 16-май күнү саат 20:30 чамасында Арча-Бешиктеги үйүнөн чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылат. Учурда өспүрүмдүн жүргөн жери белгисиз.

Изделип жаткан Адина Асаналиеванын белгилери: бою болжол менен 170 сантиметр, арык, чачтары узун, сары, тиштерине брекет тагылган.

Үйдөн чыккан күнү жашыл футболка, көк шым, бутуна ак жайкы бут кийим кийип жүргөн.

Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери жана өспүрүмдүн жакындары өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (500) 032-000, 0 (755) 579-580 же 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан