20-майда Чүй кең көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки түштүк тарабы убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
“Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 20-майда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Чүй кең көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки түштүк тарабында суу түтүктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлүп, асфальт-бетон төшөлмөсү кайрадан төшөлөт.
Мындан улам жол жабык болот. Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана айдоочулардан каттамды алдын ала пландап алууларын суранат.