
Бишкектин Жал кичи районунда өспүрүм кыз көп кабаттуу үйдүн чатырынан боюн таштоого аракет кылды. Бактыга жараша, ал м илициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан куткарылды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-майда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББинин нөөмөт бөлүмүнө Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кыз боюн таштоого аракет кылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
"Жерине милициянын кайгуул кызматкерлери дароо барышып, үйдүн чатырына чыгып, 2004-жылы туулган Б.Э. аттуу кызды куткарып калышты. Тактоо учурунда өспүрүм үй-бүлөлүк чырдан улам ушул жолго баргандыгын билдирди.
Учурда андан ары тийиштүү ии-чараларды жүргүзүү үчүн өспүрүм Ленин РИИБине жеткирилди", - дешти милициянын кайгуул кызматынан.