Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков кетирген кемчиликтери үчүн айрым жетекчилер кызматтан алынарын белгиледи. Бул туурасында бүгүн, 18-майда Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан маалым болду.
Белгилүү болгондой, мэр таң эрте жетекчилер менен шаардын Достук, Курманбек жана Спутник аймактык башкармалыктарын кыдырып, аткарылып жаткан иштердин сапатын текшерүүгө алды. Анын жыйынтыгы менен берилген тапшырмаларды убагында аткарбаган бир катар жетекчилерге эскертүү берилсе, айрымдарынын кызмат орду карала турганын белгилүү болду.
"Ошондой эле калаа башчысы коомчулуктун сынына кабылган Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын ишине өзгөчө көңүл буруп, социалдык тармактарда сынга кабылган, шаардын бир нече көчөсүнө тигилген туя брабант көчөттөрүн жеринде текшерип, Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын жетекчисине куураган көчөттөр боюнча жоопкерчилигин эскертти. Ошондой эле бак-дарактарды бутоо, жол жээктериндеги өскөн чөптөрдү тазалоо боюнча да алгылыктуу иш жүрбөй жатканын белгилеп, кемчиликтерин жоюу боюнча тапшырма берилди. Ал эми аймактык башкармалыктардын башчыларына, жетекчилерге шаарды иретке келтирүү, курулуштарды сапаттуу бүткөрүү талабы коюлду.
Белгилей кетсек, эртең дагы шаар мэри жетекчилер менен бирге шаарды жөө кыдырып чыгуусун улантат", - дешти басма сөз кызматынан.