Мектептердин биринде акыркы коңгуроодо чач жасалгалап, спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынганы айтылды

Акыркы коңгуроо салтанатында кече көйнөктөрүн кийүүгө, чач жасалгалоого, курал-жарак жана спирт ичимдиктерин колдонууга тыюу салынат. Бул тууралуу мектеп директорлорунун биринин буйругу чыккан.
Ага ылайык, салтанаттуу иш-чарада пиротехникалык каражаттарды, ок атуучу куралдарды жана учтуу куралдарды, жардыргыч заттарды жана күйүүчү материалдарды колдонууга катуу тыюу салынат.
- Ата-энелерге окуучуларга жеке унаанын ачкычын берүүгө, аларды шаарды аралап, андан ары айдап чыгууга;
- Мектептин аймагында мугалимдерге, ата-энелерге, конокторго жана окуучуларга алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө;
- Акыркы коңгуроодо кече көйнөктөрүн кийүүгө, кымбат баалуу зер буюмдарды тагынууга жана кымбат чач жасалгаларды жасатууга катуу тыюу салынат. Бардык бүтүрүүчүлөр иш-чарага мектеп формасы менен (үстү ак, асты кара) келиши керек.
Ошондой эле тарыхый жайларга экскурсияларды өткөрүүгө, жаратылышка чыгууга, кафе-ресторандарга барууга, үйүндө ар кандай кечелерди уюштурууга тыюу салынган.
Салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөрү айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан