Бишкектин 2 районунда жаратылыш газы 5 күн бою берилбейт

Бишкек шаарынын 2 районунда жаратылыш газы 5 күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-27-май күндөрү Ленин жана Биринчи Май райондорунун бир катар жерлеринде оңдоо жана күз-кыш мезгилине даярдоо иштери жүргүзүлөт.
Жаратылыш газы убактылуу берилбей турган аймактардын тизмеси:
Ленин району: Садырбаев, Гагарин, Өмүракунов, Ашар, Лев Толстой (темир жол аймагы) көчөлөрүнүн бөлүктөрү;
Биринчи Май району: Патрис Лумумба, Шиш-Төбө, Орозов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн бөлүктөрү;
"Газпром Кыргызстан" компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктары үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан