ОшТУда “Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы күрөшүү” деген темада талкуу уюштурулду

Кечээ, 28-ноябрда Ош технологиялык университетинде  “Аялдарга карата зордук зомбулукка каршы күрөшүү” деген темада талкуу болуп өттү. Аталган иш-чара окуу жайдын маданий эстетикалык борбору жана аялдар кеңеши тарабынан уюштурулду. Иш-чарага БУУнун өкүлдөрү жана шаардагы "Ак жүрөк" кризистик борборунун адистери катышышты. Аталган иш-чаранын негизги максаты - жаштарга үй-бүлө куруудагы жана аны сактап калуудагы эрежелер менен тааныштыруу болуп саналат.

Талкуунун жүрүшүндө кыз ала качуу, эрте турмушка чыгуу, жарандык нике жана көп аялдуулук деген темалардын тегерегинде кызуу талкуу жүрүп, келген коноктор менен студенттер суроо-жооп алышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан