Бүгүн, 18-майда кечке маал катуу жааган жамгырдан улам Бишкек-Ош унаа жолунун бир бөлүгү жабылган. Тагыраагы, Кара-Суу районундагы (Кайрагач айылы) Отуз-Адыр каналынан суу ашып унаа жолду каптаган.
Жерине ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынын башчысы, райондун акими, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, жалпы 3 жүктөгүч, 1 манипулятор тартылган. Тазалоо иштеринин натыйжасында саат 22:15те унаа жол толук тазаланып, транспорт каттамдары үчүн ачылды.