Тажикстан өлкөдө жарыялаган антитеррордук операция: 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алды

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Рушан районунда кечээ, 18-майда антитеррордук операциядан улам 8 адам каза болуп, 11 адам жаракат алган. Демонстранттардын 70тен ашууну кармалган. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын Ички иштер министрлиги каза болгондорду, жарадар болгондорду жана кармалгандарды "террордук топтун активдүү мүчөлөрү" деп атаган.

"Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында өлкөнүн укук коргоо органдары антитеррордук операция жүргүзүштү. Натыйжада 8 согушкер жок кылынып, 11и жарадар болуп, 70тен ашуун террордук топтордун активдүү мүчөлөрү кармалган. Уюшкан кылмыштуу топтун жанынан көп сандагы курал-жарак жана ок-дарылар, Молотов коктейлдери алынган", - деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 18-майда Тажикстандагы Дүйшөмбү-Кулма унаа жолунун Рушан районундагы тилкеси согушкерлер тарабынан тосулгандан кийин Тажикстан өлкөгө антитеррордук операция жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан