Социалдык тармактарда Украинанын Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводунда жайгашкан согушкерлердин багынып берип жаткан сүрөттөрү тарады.
Сүрөттө автобустарда заводдо багынып берип чыккан аскерлерди көрүүгө болот. Алардын көпчүлүгүндө татуировкасы бар. "Азовсталдан" чыгып жаткандардын бардыгы кылдаттык менен текшерилген. Аларга жеке буюмдарын алып кетүүгө гана уруксат берилген. Багынып бергендердин кээ бирлери заводдон балдак менен чыгышкан.
Өз кезегинде орус басылмалары багынып бергендердин тагдырын сот чечерин жазды.
Буга чейин "Азовсталь" заводундагы 10 согушкер тоннелден ак желек көтөрүп чыккандыгы кабарланган.