2013-жылдын
1-ноябрына карата Кыргызстанда СПИДге кабылган 5060 адам бар. Бул тууралуу 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата №16-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери үчүн уюштурулган маалымат акциясында белгилүү болду.
Аталган акцияда
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик координациялык комитети
СПИДге кабылгандар тууралуу маалымат берип, 2013-жылдын 1-ноябрына 5060 адам
СПИДке кабылганын, анын 4840ын Кыргызстандын, 220сын чет мамлекеттерден келген
жарандар түзөрүн маалымдаган. Ошондой эле ВИЧ
инфекциясын жуктурган 809, СПИДден 275 адам каза
болгонун билдирди.