Быйыл акыркы коңгуроо салтанатына акча чогултууга тыюу салынды

Быйыл акыркы коңгуроо салтанатына мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы коңгуроо салтанатын уюштуруу жана өткөрүүдө окуучулардан жана алардын ата-энелеринен мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат. Ошондой эле бул күнү мектептин айланасында ачык отту, күйүүчү, пиротехникалык жана башка травматикалык заттарды колдонууга тыюу салынат.

Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү укук коргоо кызматкерлери менен бирдикте окуучулардын өздүк коопсуздугун сактоону камсыздоодо ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш.

Эскерте кетсек, быйыл акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан