Бүгүн, 19-майда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму өттү.
Анда "Ынтымак" фракциясынан депутат Казыбек Эргешов Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жаңы кичи район куруу үчүн өкмөттөн 300 гектар жер сураганын эскертти.
“Бул чындап эле жаңы кичи район курулушу үчүнбү?”, - деди депутат.
Вице-мэр Мирлан Байгончоков бул багытта аракеттер көрүлүп жатканын айтты. Депутат эгер бул аракеттер ишке ашып калса ал кичи районду "Манас-сити" деп атоону сунуштады.
Ошондой эле "Москва-сити", "Ташкент-сити" сыяктуу башка өлкөлөрдүн мисалын келтирди.