"Ай сайын окуп турушат". Өлкөдө 1-октябрдан тартып ата-энелер мектеби ишке кирет

2022-жылдын 1-октябрынан баштап мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында "Ата-энелер мектеби" пилоттук программасы этап-этабы менен ишке киргизилет. Бул ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жана аларга кам көрүүдөгү көндүмдөрүн жакшыртуу, жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулат.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, "Ата-энелер мектеби" программасын ишке ашыруу үчүн ар бир район, шаардан пилоттук негизде 5тен кем эмес бала бакча жана 10дон кем эмес мектеп тандап алынып, бул программа апробациядан өтөт.
"Пилоттук билим берүү уюмдарында апробациядан өткөндөн кийин "Ата-энелер мектеби" программасы сунуштардын жана сын-пикирлердин негизинде жеткире иштелип чыгып, мындан ары дагы жайылтылат.
"Ата-энелер мектеби" программасын киргизүүдө өлкөнүн эмгек сиңирген мугалими, педагогика илимдеринин кандидаты Гапыр Мадаминов тарабынан иштелип чыккан “Ата-энелер мектеби” программасы колдонулат.
Программага ылайык пилоттук билим берүү уюмдарында ата-энелер айына бир жолудан кем эмес окуудан өтүп турушат. Окууларды программанын алкагында окуудан өткөн мугалимдер жана тарбиячылар өткөрөт.
Балдардын билим-тарбия сапатын жакшыртуу үчүн жалгыз мектептин, мугалимдердин ишмердүүлүгү аздык кылат. Ошондуктан бүгүнкү күндө ата-энелердин педагогикалык маданиятын өркүндөтүү маанилүү", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан