Мексикада автобус кырсыкка учурап, 14 адам каза болду

Мексиканын батышында жайгашкан Халиско штатындагы Туксека-Ситала трассасында автобус жол кырсыгына учурап, анын кесепетинен 14 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, айыл чарба кызматкерлерин ташыган автобустун айдоочусу рулду башкара албай дубалды сүзгөн. Жыйынтыгында кырсыктан 14 адам каза болуп, 20дан ашык адам жаракат алган.

Автобус Хокотепек шаарын көздөй бара жаткан кезде тормоздук системасы иштебей калган. Мындан улам айдоочу автобусту токтотуу үчүн дубалды сүзгөн. Автобус мөмө-жемиштерди өндүрүү менен алектенген ишкананын кызматкерлерин ташып бара жаткан. Кырсыктан айдоочу дагы каза болгон.

Учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалды жоюу иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан