Бишкекте косметологиялык кызмат көрсөткөн 27 клиниканын лицензиясы жок экени аныкталды

Бишкекте лицензиясы жок иштеп жаткан косметологиялык кызмат көрсөткөн 27 мекеме аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, атайын түзүлгөн комиссия тарабынан текшерүү жүргүзүлгөн.

Белгилүү болгондой, 11-апрелден 30-апрелге чейин калаадагы косметологиялык кызматтарды көрсөткөн борборлор, мекемелердин лицензиялары текшерилген.

"Жалпысынан 63 мекеме текшерилип, анын 27си министрликтен лицензия албастан ишмердүүлүк жүргүзүп келгени такталды. Ошондой эле бул жайларда санитардык эрежелер сакталбай келгени аныкталды. Мындан улам ВИЧ/СПИД, сарык, кургак учук жана башка жугуштуу ооруларга чалдыгып калуу коркунучу болгон. Андан сырткары уруксат кагаздары жоктугуна карабай каалоочуларды окутуп келген. Бүгүнкү күндө 17 клиника боюнча документ укук коргоочуларга тиешелүү чара көрүү үчүн жөнөтүлдү. Ал эми 10 клиникага айып салынат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан