"Ош" аэропортунун урап түшкөн шыбы боюнча текшерүү жүргүзүлөт

"Ош" эл аралык аэропортунун урап түшкөн шыбы боюнча окуяны Кыргыз транспорттук прокуратурасы текшерет. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, кечээ, 18-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен "Ош" аэропортунун имаратынын чатырынан суу кирип, жүргүнчүлөрдү кабыл алуу, каттоо, күтүү залдарын суу каптаган.
"Аталган окуя боюнча Кыргыз транспорттук прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Текшерүүдө зыянга алып келген фактынын келип чыгуу себептери, аэропортту реконструкциялоо долбоору, аткарылган жумуштун долбоорго шайкештиги, курулган объект кандайча кабыл алынганы жана башка жагдайлар каралып, мыйзамдуу чечим кабыл алынат", - дешет маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан