Бишкекте мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө 24-25-майда өтөт. Бул туурасында борбор калаа башкармалыгынан маалымдашты.

Белгилүү болгондой, жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өтөт:

- 24-25-майда Свердлов районундагы №4, №38, №45, №65, №66, №94 билим берүү базасында;

- Ленин районундагы №9, №13, №31, №68, №72, №84, №93, №96 мектептеринин базасында;

- 27, 28-майда Октябрь районундагы №3, №26, №39, №62, №63, №64, №88 мектептердин базасында;

- Биринчи Май району боюнча №6, №27, №28, №29, №24, №69 мектептеринин базасында.

Ал эми 24-25-июнь күндөрү тестирлөөгө жүйөлүү себептер менен катыша албай же өтпөй калган абитуриенттер үчүн кошумча тестирлөө өткөрүлөт.