Кечээ, 28-ноябрда Ош технологиялык университетинде көрүнүктүү коомдук ишмер Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата “Насирдин Исанов – Кыргызстанга эмгек сиңирген куруучу жана мамлекеттик ишмер” деген темада студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Аталган иш-чара курулуш-өндүрүш кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага окуу жайдын жалпы жамааты жана студенттери катышышты. Иш-чарада инсандын өмүр баяны, саясий ишмердүүлүгү жана илимий иштери жөнүндөгү докладдар окулду.