Бирин дааратканадан, экинчисин бактан. Мектебиндеги кыздарды сабаган окуучу онлайн окуусун улантат

Апрель айында Бишкектеги мектептердин биринин дааратканасында окуучу кыз сабалган. Аны ур-токмокко алган кыз ага чейин 4-класстын окуучусун сабаган.

Окуя боюнча чогултулган материалдар Октябрь райондук балдар менен иштөө комиссиясына жөнөтүлгөн. Ага ылайык, 11 жаштагы Ч.А. 6 айлык мөөнөткө профилактикадан өтүү үчүн каттоого алынып, эки аптага онлайн окутууга которулган.

Бүгүнкү күндө Ч.А'нын апасынын билдирүүсүнүн негизинде анын онлайн окуусу 27-майга чейин узартылды. Буга окуучунун медициналык кароодон өтүү зарылдыгы себеп болгонун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сабактар боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы класс жетекчи жана предметтик мугалимдер тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Окуучуга жекече түшүндүрүү түрүндө сабактар өткөрүлүп жатат", - дешти мэриядан.

Белгилей кетсек, жогорудагы эки окуя боюнча сабаган кыздын апасына биринчисинде 1000 сом, экинчисинде 3000 сом айып пул салынган.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу курагы) негизинде 16 жаштан жогорку курактагы адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан