Популярдуу америкалык ырчы Рианна менен анын жолдошу A$AP Rocky ата-эне статусуна ээ болушту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жылдыздуу түгөйлөр уулдуу болушкан. Наристе Лос-Анжелестеги клиникалардын биринде 13-майда төрөлгөн, бирок бул тууралуу кабар бир аптадан кийин гана белгилүү болгон. Апасы менен баланын абалы жакшы, эстрада примадоннасы уулуна кандай ысым койгону азырынча белгисиз.