Биз социалдык тармакта

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси үй камагына чыгарылды

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекова үй камагына чыгарылды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Маалым болгондой, 19-майда Каракол шаардык соту Мээрим Тилекованын бөгөт чарасын карап, үй камагына чыгарган. Бирок Башкы прокуратура облустук сотко апелляциялык сунуш келтирди.

Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси 343-берененин (опузалап пара алуу) негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында 17-майда УКМК тарабынан кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан