Күйөөсүнөн таяк жеген караколдук келин жардамга муктаж. Бул тууралуу жабырлануучу Айзат Усенбаева SUPER.KG порталына билдирди.
"Дарыгерлер бир маал ысык укол сайып жатышат. Башым басылбай ооруп жатат. Өйдө турсам башым айланып жатат. Уколдон башка дары албай элемин. Бишкек шаарына барып башымды тарттырыш керек болуп жатат. Бирок мүмкүнчүлүгүм жок. Өзүм майыпмын. Жардамга катуу муктаж болуп жатам", - деди ал.
Эскерте кетсек, 14-майда Каракол ШИИБине Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан 1984-жылы туулган У.А. аттуу жаран денесинен алган жаракаты менен ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн. Аял жолдошу аёосуз сабаганын маалымдаган.