Тогуз-Торо РИИБинде өспүрүмдөргө ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмүндө балдар иштери боюнча инспекторлору тарабынан мектеп окуучуларына ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Жаш өспүрүмдөрдү РИИБдин жетекчиси өзү тосуп алып, кесип тандоодо жаңылбаш керектигин айтты.
Мектеп окуучуларына милиция кызматкерлеринин күнүмдүк ишмердүүлүгү көрсөтүлүп, нөөмөт бөлүмүнүн иштөө процесси тааныштырылды. Андан соң ыкчам криминалисттердин, тергөөчүлөрдүн бөлмөлөрү көрсөтүлдү. Ок атуучу куралдардын техникалык мүнөздөмөлөрү, колдонуу тартиби айтылды.
Окуучулар менен суроо-жооптор болуп, кенен маектешүү орун алды. Алардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилип, кылмыштуулуктан алыс болуу керектиги эскертилди. Кызматкерлер жаштарды мекенди сүйүүгө жана ага кызмат кылууга чакырышып, татыктуу билим алууга үндөштү.