Түркияда ФЕТӨгө тиешелүү бардык мектептер жана жеке курстар жабылды. Бул тууралуу Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен билдиришти.
"ФЕТӨ уюму дүйнөнүн төрт бурчунда билим берүү мекемелерин ачып, аларга жетекчилик кылып жана алар аркылуу жаштардын башын айлантып өзүнүн мыйзамсыз максаттары үчүн колдонууну көздөгөн ФЕТӨ, Кыргызстанда “Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелери” деген ат менен ишин улантууда. Аталган билим берүү жайларынан алынган финансылык кирешелер уюмдун мыйзамсыз иштерине жумшалууда. Ушул себептерге байланыштуу Түркияда ФЕТӨгө тиешелүү бардык мектептер жана жеке курстар жабылды. Кошумчалай кетсек, Түркиянын демилгелеринин натыйжасында дүйнөнүн 18 өлкөдөгү 219 ФЕТӨ мектеби Түркия Республикасынын Маариф фондуна өткөрүлүп берилди.
Жогорудагы көрүнүштөн улам ФЕТӨ уюмунун курамында Кыргызстанда ишмердүүлүгүн улантып жаткан Эл аралык “Сапат” билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайларынан алган дипломдору жана орто мектеп аттестаттары Түркия Республикасынын бийлик органдары тарабынан нострификациялоодон өтпөйт. Мындан тышкары, бул мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн Түркиянын кандайдыр бир стипендия программасы (Туркие Бурслары) үчүн жасаган кайрылуулары да кабыл алынбайт. Ошондой эле “Сапат” билим берүү мекемелери ФЕТӨ тарабынан иштетилген мезгил аралыгы боюнча аталган мекемелердин бүтүрүүчүлөрүнүн Түркияда жумушка орношуулары мүмкүн эмес.
Буга кошумча катарында Түркия Республикасы, жогорудагы мекемелерде иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарына жана мугалимдерге карата Түркиянын мыйзам алкагында ар түрдүү чара колдонуу укугуна ээ экенин белгилейт. Түркия Республикасы өзүнө жүктөлгөн жоопкерчиликти аткарып, Кыргызстандын бийлик органдарына керектүү демилгелерди көтөрдү жана сунуштарын кылды. Бул көйгөйдү тез арада чечүү жана кыргызстандык окуучулардын/студенттердин бул кырдаалдан жапа чегүүсүн жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын бийлик органдары зарыл болгон кызматташтык иш-аракеттерин жасайт деген үмүт бар", - деп жазылат маалыматта.