Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, Эл артисти Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Ал бүгүн, 20-майда узакка созулган оорудан улам көз жумду.
Кыргыз телесинин чолпон жылдызы, легендарлуу диктордун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өмүрүн, кесибин баяндаган салмактуу маектеринен топтодук.
Диктор Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында 1950-жылы 3-мартта туулган. Атасы Камчыбек менен энеси Сакен карапайым адамдар болушкан. Бактыбек ага 7 бир туугандын улуусу болгон. Ал учурда ата-эне тун уулду тарбиялап багууда чоң энеге берүү адаты болгондуктан Бактыбек чоң эненин колунда тарбияланган. Ал балалыгы тууралуу маегинде "жогорку класстын окуучусу болгон сайын шоктугум күч алып, үлгүлүү бала болбой калгам" деген. Орто мектепти аяктагандан кийин ата-энесинин кеңеши менен айыл-чарба институтуна тапшырган.
"Ичимден филология жагына тапшыргым келип жатса да ата-энем каалап жатпайбы деп айла жок айыл-чарба институтуна тапшырып калдым. Андан акыркы экзаменден кулап калсам болобу!.. Моюнга алыш керек, химия сабагын жакшы өздөштүрбөгөн элем да... Ошентип өтпөй калдым. Кийинки жылы Улуттук университеттин филология факультетине 3 жолу тапшырып, төртүнчү жолкусунда өттүм. Ошол 3 жылдын ичинде колхоздо мен иштебеген иш калган жок окшойт. Мектепке лаборант да болуп иштедим. Куруучу, завклуб, сакмалчы, жүк ташыгыч болуп да иштедим. Айтор, айылда мен аралашпаган, иштеп көрбөгөн жумуш калган жок. Бирок негедир өзүмө ошол жумуштардын бири да жакпай кыйнала берчүмүн. Менин ордум башка жакта экенин сезип, өзүмдүкүн издей берер элем. Көрсө, мен өзүм билбей маданият чөйрөсүн, ушул кесипти издеп жүргөн экенмин", - дегени бар.
Жогорку окуу жайда билим алып жүргөндө алгачкы жана түбөлүк сүйүүсүнө жолугат. Болочоктогу диктор жүрөгүн багындырган Жамиля Омокеева менен бир группада окуп, алар 3-курста баш кошушат. Дээрлик жарым кылым чогуу түтүн булаткан жубайлар өткөн жылы порталыбызга маек курган. Анда Бактыбек Мамытов "жубайымды көзүмдү жумуп туруп алып алгам" деп тамашалап, жашы 70тен ашып калса да байбичесине ыр чыгарарын баяндаган. Алар 2 кыз, 4 уулду тарбиялап өстүрүшкөн.
Ырас, Бактыбек аганын турмушунда да орду толгус оор жоготуулар болгон. Ата-энеси, эки бир тууганынан ажыраган. Бирок баарынан да 19 жаштагы чырактай жанган кызынын бул дүйнө менен кош айтышып кеткени эң оор жоготуу болгон. Атына заты жарашып, нурдай жылуулук чачкан Нур аттуу кызы белгисиз себептер менен канкорлордун колунан каза тапкан. Ушул сыяктуу оор жоготуулар Бактыбек аганын ден соолугуна да зыянын тийгизбей койгон эмес. Диктор "менин жашоомдо өкүнүчтүн да орду чоң" деп айткан.
Эмгек жолу окууга өткөн алгачкы эле жылы радиого барып үн жаздыруудан башталган. Башында күнүмдүк кошумча акча каражатын тапчу булак болсо, бара-бара бул кесипке байланган. 21 жаштагы студент "Телеге диктор керек" деген жарнаманы көрүп калып, барып эле сынактан өтүп кетет. Ошентип ар кандай берүүлөрдү алып барып жүрүп, кийин "Арноо концертинин" алмаштырылгыс дикторуна айланган.
"Бир гана аткарылбай калган тилегим – акын болбой калганым" деп арман кылган диктор новеллалар, ырлар камтылган "Очоктогу от" китебин чыгарган. Ошентсе да Бактыбек Мамытов өзүн акындардын катарына кошпой турганын айткан.
Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Даңк медалы жана башка бир топ сыйлыктарга татыган. 2018-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алган.
"Бул наамды мага караганда эл көбүрөөк күткөн экен. Телефонумдун жаагы тынган жок. Бир адам чалып, "кошуналарым менен чогулуп кой союп сиздин наамыңызды майладык. 4 жилик алып койдум, мен кел деген күнү келесиз!" дейт. Наамдан мурун элдин колдоосуна, жакшы сөзүнө семирип турам", - деп кубанычы менен бөлүшкөн.