Түндүк Кореяда белгисиз тумоо менен ооругандардын саны 2 миллиондон ашты

Түндүк Кореяда белгисиз тумоо менен ооругандардын саны 2 миллион 200 миңге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореяда бир сутка ичинде белгисиз тумоону жуктуруп алгандардын саны 263 миңди түзүп, 2 адам каза болгон.

15-майда Түндүк Кореяда белгисиз тумоо менен ооруган 392 миң адам катталган. Сегиз оорулуу дене табынын көтөрүлүшүнөн улам каза болгон. Азыркы күндө каза болгондордун жалпы саны 50нү түздү.

Ал эми Түндүк Кореяда бул тумоо менен ооругандардын саны 1 жарым миллионго жеткени маалым болду. Акыркы сутка ичинде 262 миң адам бул илдетти жуктуруп алып, 750 миңге жакын адам ооруканага жаткырылса, каза болгондордун саны 65ти түздү.

Мындан улам Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын өлкөдө “эпидемияга каршы күчөтүлгөн өзгөчө абал” режимин киргизди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан