Талас шаарындагы 11-класстын жана 9-класстын окуучуларына, ата-энелерине милиция кызматкерлери жыйын өткөрдү. Жыйында шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан акыркы коңгуроого байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 9-июнь күнү акыркы коңгуроо салтанатында окуучулар кафе-ресторандарга отурууга жана унааларды жалдоого тыюу салынгандыгын эскертип, ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Жыйынга жалпысынан 100гө жакын окуучу жана ата-энелер катышты. Анда мектеп окуучуларына тиешелүү нускамалар берилип, массалык эс алуулар, салтанаттуу майрамдоо иш-чаралардын өтүү тартиби талкууга алынды.
Билим берүү мекемесинин кызматкерлерине алардын жоопкерчиликтери жана милдеттери айтылды. Ата-энелерге балдарына катуу көзөмөл кылып, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын болушуна жол бербөө боюнча түшүндүрүлдү. Мындай иш-чара облустун ар бир район аймактарында пландалып ишке ашууда.