"Ош шейиттери" коомдук фондунун төрайымы Тургунайым Айтиева камактан бошотулду

26-ноябрда кечки саат 19:30дар чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан 48 саатка камакка алынган «Ош шейиттери» коомдук бирикмесинин төрайымы Тургунайым Айтиева Ош шаардык сотунун чечими менен кечээ, 28-ноябрда бошотулду. Мындай чечимге жабырлануучу тараптын эч кандай дооматы жок экендигин билдирип тосмо арыз жазгандыгы себеп болгон.

Эске сала кетсек, бул айымдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (денеге анча оор эмес залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан