Жумгалда судьянын камакка алынышы тууралуу Жогорку Сот билдирүү таратты.
"Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясынын кармалгандыгы тууралуу маалымат тарады. Ушуга байланыштуу Жогорку Сот мыйзамга ылайык судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун белгилүү тартиби каралгандыгын эске салууну маанилүү деп эсептейт. Ошол эле учурда сот бийлигинин жогорку органы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө кайрылып, жалган маалыматтарды таратпоону өтүнөт. Биз сот бийлиги абийирсиз сотторду тазалоодо чечкиндүү экенин белгилейбиз. Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьялардын этикасын жана калыстыгын бузуунун ар бир фактысы боюнча эң катаал чараларды көрөт.
Ошону менен бирге Жогорку Сот күнөөсүздүк презумпциясы жазык сот өндүрүшүнүн негизги принциптеринин бири болуп санала тургандыгын, ал адам кылмышта анын күнөөсү мыйзамдуу түрдө далилденмейинче күнөөсүз деп эсептелишин эске салууну маанилүү деп эсептейт", - деп жазылат Жогорку Соттун маалыматында.
Эскерте кетсек, буга чейин Жумгалда судья жана прокурордун орун басары пара менен кармалгандыгы тууралуу маалымат чыккан.