"Мун Юн". Түштүк Кореяга барган Жо Байден президенттин атын унутуп калды

АКШнын президенти Жо Байден бүгүн, 20-майда Түштүк Кореянын Пхёнтхэк шаарындагы Samsung компаниясына барып, ал жерден сүйлөп жатып Түштүк Кореянын президентинин атын жаңылыш айтып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Түштүк Корея менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы карым-катнаш тынчтыктын, туруктуулуктун жана аймактын гүлдөп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат. Жасалып жаткан иштер үчүн баарыңарга жана президент Мун Юнга рахмат айтам", - деген Байден.

Белгилей кетсек, Түштүк Кореянын жаңы президенти болуп, Юн Сок Ёль шайланган жана ал кызматка 10-майда киришкен. Ага чейин Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин болгон.

Бул 79 жаштагы Жо Байдендин биринчи жаңылганы эмес. Буга чейин ал бир нече жолу вице-президент Камала Харристи президент деп атаган. Ошондой эле орус лидери Владимир Путиндин атын туура эмес айтып, Сирияны Ливия менен, Иракты Иран менен чаташтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан