"Манас" театырынын 25 жаштагы жетекчиси Азиз Биймырза уулуна аргымак мингизилди (фото)

Бишкекте жеке ишкер "Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулуна аргымак мингизди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков билдирди.

"Жеке ишкер Бакай Өмүралиев кыргыз улуттук "Манас" театрынын директору, манасчы Азиз Биймырза уулуна ат мингизип, кыргыз улуттук "Манас" театрына жаңы имаратынын бүтүшү менен автоунаа берүүнү убада кылды. Иш-чарага манасчы, төкмө акын, дастанчылар жана коомдук ишмерлер катышты.

Ишкер буга чейин манасчылар Дөөлөт Сыдыковго дагы ат мингизген", - деди ал.

Азиз Биймырза уулу Кыргыз улуттук "Манас" театрына директор болуп 2021-жылдын сентябрь айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан