"Ала-Тоо" аянты 22-майда ачылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына калаа мэриясынан билдиришти.
Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянты аркылуу өтүүчү жол оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.
Милициянын кайгуул кызматы маршруттук чийиндерди алдын ала пландап жүрүүгө чакырган эле.