Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жетип, катуу шамал күтүлөт.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тургундарды сак болууга чакырат.