Жеңил унаа капотунда адам отурганына карабай жүрүп кеткен видео тарады. Мындай видеону активист Болот Ибрагимов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Видеодон бир унааны экинчиси аркасынан сүзүп алганын, артында турган унаа кетүүгө аракет кылып, бирок анын капотуна башка адам чыгып отуруп алганын көрүүгө болот.
Бирок адамдын жармашып алганына карабастан унаа жүрүп кетип калган.
Окуя кайсы жерде болгону, унаанын үстүндөгү адамдын тагдыры азырынча белгисиз. Укук коргоо органдары бул тууралуу үн ката элек.