Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кадамжайдагы 8 адам набыт болгон жол кырсыгы болгон жерге барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кадамжай районуна караштуу Чечме айылындагы ири жол кырсыгы болгон жерге барып, окуя менен жеринен таанышкан.
Эскерте кетсек, кечээ, 21-майда Баткен облусундагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаа токтой албай топтолгон адамдарды жана унааларды сүзгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги 8 адам каза болгонун, дагы бир нече адам жаракат алып ооруканага түшкөнүн кабарлаган.
Көп узабай жол кырсыгына кабылган Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа министрликке таандык экени белгилүү болгон.