Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды кабыл алуунун жаңы системасын ишке киргизүүдө

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жарандарды кабыл алуунун жаңы системасын ишке киргизүүдө. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 21-майдан тартып жарандарды кабыл алууну уюштуруу боюнча ишти мындан ары тартипке келтирүү жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максатында Консулдук бөлүмдө кабыл алууларга алдын ала жазылуунун жаңы системасын ишке ашырып жатат.

21-майдан тартып msk.pasport.kg@mail.ru, msk.prava.kg@mail.ru электрондук почталары боюнча катталуулар токтойт.

Алдын ала катталуу үчүн элчиликтин расмий сайтында жайгаштырылган шилтеме боюнча өтүү зарыл.

Элчилик ошондой эле консулдук кызматтарды алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси элчиликтин сайтында "Консулдук маселелер/көрсөтүлүүчү кызматтар" бөлүгүндө жайгашканын жарандарга эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан